@qais170301: -Канат Таалайбеков Атама Бетиме тийгизгенде сакалыңды, Заматта салчу элем чатагымды. Ойнотуп жатканыңды билбей туруп, Оңбогон балаң канча капа кылды. Жакшы түш көрчүм, ата, жалаң гана, Жамынып уктаганда чапаныңды. Алыстан келатканда жолуң тосуп, "Атаке-ее!" деп чуркаган колум созуп. А бирок агам менден күлүк эле, Ал жетчү кучагыңа менден озуп... Тойдуруу үчүн мендей карышкырыңды, Толтуруп келчү элең баштыгыңды. Атаке, ал баштыкты аңтаргандай, Аңтарып ийиптирмин жаштыгыңды. Убакыт өмүрүңдү уурдап улам, Чекеңдин бырышы көп мурдагыдан. Атаке, бизди кантип бактың эле? Мен тапкан акча артпайт курсагыман. #көчөдөгү_кагаздар #поэзия #kyrgyzpoetry #qais #poetry

Kochodogu_kagazdar
Kochodogu_kagazdar
Open In TikTok:
Region: DE
Wednesday 02 July 2025 18:21:54 GMT
13124
491
4
19

Music

Download

Comments

ghpp008
M :
озу жебей ичпейтта 😭
2025-07-14 02:45:22
1
nurdinov_poeziya
Nurdinov _poeziya :
🔥🔥🔥🔥
2025-07-02 20:00:09
1
jeosbawjaksk
jeosbawjaksk :
💔
2025-07-02 19:11:06
1
_66.44
kesh :
😢
2025-07-10 18:22:13
0
To see more videos from user @qais170301, please go to the Tikwm homepage.

Other Videos


About